Балбал таш, талаада жана эл арасында. Чокморовдун каректе калган 18 ирмеми

Sputnik

Sputnik Кыргызстан элесин элдин эсине кайрадан салуу максатында сүрөт түрмөк даярдады.

Бул адамдын жашап өткөн өмүрү таптакыр башкача. Ал өзүнүн жарым кылымга чукул өмүрүндө кыргыз кино өнөрүнүн өсүшүнө салымын кошту. Андан сырткары, кыргыз элине 400дөн ашуун сүрөттөрүн таштап кетти.

Сүймөнкул Чокморов Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылында мындан туура 80 жыл мурда, 9-ноябрда жарык дүйнөгө келген. Тагдыр аны үй-бүлөдөгү 11 бир туугандын онунчусу кылып жаратыптыр. Болочоктогу актёр жана сүрөтчү алты жашынан тарта окуп, 1953-жылы Фрунзе шаарындагы сүрөтчүлөр окуу жайына тапшырган. Аны 1958-жылы бүтүрүп, Ленинграддагы Репин атындагы сүрөтчүлөр институтунан живопись факультетин 1964-жылы аяктаган.

Чокморов өмүрүнүн аягына чейин кыл калемин таштабаса, өмүрүнүн гүлдөп, күч-кубатка толуп турган учурун кино өнөрүнө арнаган.

Чокморовдун Бишкектеги эстелиги жаңысына алмаштырылат. Сүрөт
Ал режиссёр Болот Шамшиев тарткан "Караш-Караш окуясы" кинофильминен кийин коомчулукка жылдыз сымал жарк эткен. Кийин дагы далайларды тамшандырган ролдорду жараткан.

Эркектин мыкты ролун жараткандыгы үчүн Алматыдагы Казакстан жана Орто Азия кинофестивалында, Тбилиси, Баку, Еревандагы Бүткүл Союздук кинофестивалдарда төрт жолу 1-сыйлык ыйгарылган. Кыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

Сүймөнкул Чокморов сүрөтчүлүк өнөрүндө Саякбай Каралаевдин, артисттер Советбек Жумадыловдун, Алиман Жангорозованын, тарыхый инсан Курманжан датканын, режиссёр Геннадий Базаровдун портреттерин чеберчилик менен тарткан. Андан сырткары, "Менин энем", "Абышка", "Менин уулум" сыяктуу бир топ эмгектери элге жакшы белгилүү.

Ал 1992-жылы 26-сентябрда дүйнө салып, сөөгү Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган. Ал жылы Сүймөнкул Чокморов болгону 52 жашта эле...

1 / 18
Сүймөнкул Чокморовдун "Караш-Караш окуясы" тасмасындагы Бактыгулдун ролу тушоо кесер эмгеги болгон (1967-жыл). Дал ушул картинадан тарта Чокморовдун жылдызы жанып баштаган.
2 / 18
Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде жазылган "Кызыл алма" кинофильмин тартуу учурунда. Режиссёр Океев, оператор Орозалиев жана актёр Чокморов. 1975-жыл.
3 / 18
Бүркүтчү кесибин өздөштүрүп жаткан кадимки эле Сүймөнкул Чокморов.
4 / 18
Душанбе шаарындагы Бүткүл союздук кинофестивалда. 1980-жыл.
5 / 18
СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен СССРдин эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыковдун бул сүрөтү 1980-жылдардын башында Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.
6 / 18
"Көздүн кареги" кинотасмасына тартылууга даярдык учурунан бир көрүнүш. Режиссёр — Геннадий Базаров, гример — Белякова. 1976-жыл.
7 / 18
Олимпиада чемпиону Сатымкул Жуманазаров менен Чоң-Таш айылында. 1981-жыл.
8 / 18
Үлкөндөр. Солдон оңго: жазуучу жана акын Муса Жангазиев, актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов жана режиссёр Болот Шамшиев.
9 / 18
."Биринчи" кинофильмин эстедиңизби? Ортодо Чокморов, анын оң жагында кесиптеши Советбек Жумадылов.
10 / 18
Кызыл кыргак калпакчан, алда кайдан көзгө урунган — Сүймөнкул Чокморов. Кайрадан кино тартуу процессинде...
11 / 18
"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" картинасынан. Кайсы роль болбосун жогорку деңгээлде, майын чыгара ойногон уникалдуу Чокморов...
12 / 18
Кээде Сүймөнкул Чокморовсуз кыргыз кинолору кандай болот эле деген суроо эрксизден жаралат...
13 / 18
Эмнелерди сүйлөшүп жатты экен, ээ?.. Сүймөнкул Чокморов айылдаштары менен. 1984-жыл.
14 / 18
Чокморовдун абышка-кемпирлерге ыктап турган бир касиети болгон. Кыргыздын эски кийимдерин жакшы көргөндүктөн, аны айылдан издештирип, сураштырып жүрүп таап, сүрөткө түшүргөнгө далалат кылган. Бул сүрөт 1970-жылдары тартылыптыр. Сүрөтчүнүн өзүнүн чеберканасында иштеп жаткан ирмемдери.
15 / 18
Кандай сонун, жанга жакын сүрөт. Сүймөнкул Чокморов Чоң-Таштагы үйүнүн алдында отурат.
16 / 18
Сүймөнкул Чокморов уулу Бактыгул менен
17 / 18
Өкүткө салган, оорунун тузагына түшкөн күндөр. Сүймөнкул Чокморов ооруканада
18 / 18
Ал ак чачтар кара кезден көмүрдөй, Кыдыр даарып, талант муңбай, төгүлбөй
Элестелип бүт дүйнөгө тарады, Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй. (Жолон Мамытов)