Кыргызстандык жигит "Голос" сынагына катышып, көпчүлүктү таң калтырды. Видео

Бишкек шаарынан барган 32 жаштагы аткаруучу Нуржигит Субанкулов Рэй Чарльздын "I"ve Got a Woman" чыгармасын аткарып, кийинки турга өттү.
Sputnik

Кыргызстандык Нуржигит Субанкулов россиялык "Голос 8" сынагынын кийинки туруна өттү.

Бишкек шаарынан барган 32 жаштагы аткаруучу Нуржигит Субанкулов Рэй Чарльздын "I"ve Got a Woman" чыгармасын аткарган.

Казакстандык тестиер өзгөчө үнү менен Меладзени таң калтырды. Видео
Анын аткарган ырына калыстардын бири - Россиянын эмгек сиңирген артисти Валерий Сюткин өзгөчө баалаган.

Субанкулов рок-н-ролл менен алектенерин, азырынча автордук чыгармаларды жазууга колу тийбей жатканын айткан.

Эми Нуржигит Субанкулов аталган сынактын кийинки бөлүктөрүндө ат салышат.

Буга чейин Кайрат Примбердиев Россиянын Биринчи каналындагы "Голос" долбооруна катышып, финалдык бөлүгүнө чейин жеткен.