БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Чыгышта аял кишинин колуна курал кармап, террордук уюмдардын катарына кошулуусуна олуттуу себеп керек. Мындай пикирин Эл аралык контртеррордук тренинг ассоциациясынын жетекчиси Иосиф Линдер Sputnik Тажикстан агенттигине "Ишкобод" бекетине кол салган согушкерлер тууралуу айтып жатып билдирди.
Белгилей кетсек, 6-ноябрга караган түнү 20га чукул куралчан согушкер тажик-өзбек чек арасындагы "Ишкобод" бекетине кол салып, беш автоматты алып кетишкен. Кийин алардын 15и жок кылынып, беши кармалган. Колго түшкөндөрдүн үчөө аялдар болуп чыкты.
"Согушкердин аялы болуу менен өзүңдүн колго курал алууңдун айырмасы асман менен жердей. Чыгыш менталитети менен чоңойгон аял мындай кадамга барыш үчүн өтө олуттуу себеп керек. Мисалы, жакындарынан берөө террордук уюмдарга кошулуп кетип, каза болгондордун аялдары же эже-карындаштары өлүмдөн кайра кайтпай калат", — деди Линдер.
Адистин айтымында, жанкечтиликке даярдалган аялдардын көпчүлүгү чындап эле өлүмгө бара жатканын биле беришпейт. Ал эми бардыгын түшүнүп, өз каалоосу менен мындай жолду тандагандарды эч кимге кошпой, өздөрүнчө даярдашат.