Алексей Федосеев ММА турнириндеги алгачкы беттешинде жеңишке жетти. Сүрөт

Федосеев ушул жылдын сентябрь айында эле ММА турниринин алкагында беттеш өткөрмөк. Бирок анын каршылашы жаракат алып, мелдештин убактысы жылдырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык кикбоксер Алексей Федосеев Сеулда өткөн ММА боюнча Road FC 056 турниринде жеңүүчү аталды.

Анда Федосеев кореялык Го Ги Вон аттуу мушкер менен 61 килограмм салмакка чейинкилер арасында күч сынашкан.

Федосеевдин менеджери Айбек Мусаев өзүнүн Instagram баракчасына беттештен кийин уюштуруучулар жеңүүчү менен байланышканын жазды.

"ROAD FC турниринин уюштуруучулары бир нече беттеш өткөрүүгө өзгөчө келишим түзүүнү сунуштады. Биринчи кадам жасалды, эми дагы алга жылабыз. Биздин менеджерлик компаниябызды ушундай таланттуу мушкер толуктап жатканына кубанычтамын", — деди Мусаев.

Грэпплинг боюнча жаштар командасы Бакудагы дүйнө чемпионатына барат
Алексей Федосеев ушул жылдын сентябрь айында эле аталган ММА турниринин алкагында беттеш өткөрмөк. Бирок анын каршылашы жаракат алып убактысы жылган.

28 жаштагы Алексей Федосеев Кыргызстанга таанымал спортчу. Кикбокстун WAKO-PRO версиясы боюнча профессионалдар арасында дүйнө чемпиону, К-1 бөлүгү боюнча Азия чемпиону жана жабык имараттагы Азия оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү. Ошондой эле Европанын жана Евразиянын чемпиону. Соңку беттешин былтыр эл аралык турнирде өткөрүп, утулуп калган.