Жекшембиге карата аба ырайы

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.
Sputnik

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Жекшемби күнү, 10-ноябрда, түнкүсүн республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8...+13, ал эми Ысык-Көлдө +7...+12 жана Нарын аймагында +4...+9 градус жылыйт.

Бишкек, Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +11...+13 градус болору айтылды.