Эске салсак, 8-ноябрда саат 13:40тар чамасында Бишкектин Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги тез татымда жарылуу болгон.
Кырсык болгон жерге тез жардам, өрт өчүрүү жана милиция кызматкерлери тартылган.
Бишкек шаардык милициядан каза болгон кыздын ким экендиги такталып жатканын билдиришти.
Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин тексттик трансляциясынан окуй аласыздар.