"Ош" базарынын жанындагы үйдө белгисиз эркектин сөөгү табылды

Маалыматка караганда, каза болгон кишинин туруктуу жашаган жери болгон эмес. Учурда анын ким экени жана өлүмүнүн чоо-жайы такталып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. "Ош" базарына жакын жердеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде эркектин сөөгү табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Милицияга билдирүү 8-ноябрь күнү саат 18.45те түшкөн.

"Краснознаменный көчөсүнүн тургуну көчөдө жаткан бейтааныш адамды көрүп, жылынып, эс алып алсын деген максатта үйүнө алып кирген. Качан ал өзүн начар сезе баштаганда, тез жардам кызматын чакырткан. Келген медиктер анын өлүмүн каттоого алышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, каза болгон кишинин туруктуу жашаган жери болгон эмес. Учурда анын ким экени жана өлүмүнүн чоо-жайы такталып жатат.