БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Волейбол боюнча кыз-келиндер арасындагы курама команда аймактык Азия чемпионатына катыша турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Мелдеш 8-ноябрдан 15-ноябрга чейин Дакка (Бангладеш) шаарында өтөт. Ага Кыргызстандан он эки спортчу катышат.
Команданын курамы:
- Айдай Кадырова;
- Мадина Мирлан кызы;
- Алия Шумкарбекова;
- Бурулсун Шарапидинова;
- Алина Гаркушина;
- Камила Оморбекова;
- Марсель Мамытова;
- Наргиза Акматова;
- Алтынай Самат кызы;
- Огулай Кудайкулова;
- Анастасия Горлова;
- Алина Петренко.
Волейболчуларды башкы машыктыруучу Абдухамид Айсаходжаев менен машыктыруучу Кылыч Сарбагышев жана калыс Нурбек Калыков коштоп кеткен.
Бул үчүн Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан 1 миллион 627 миң сом каралганы айтылды.