"Ала-Тоо" аянтынын жанындагы тез татым жарылып, учурда өрттөнүп жатат. Сүрөт, видео.

Катуу үн 13.40тар чамасында угулуп, андагы кишилер качып чыгышкан. Аталган жерге чакыруу болгонун Тез жардам кызматынан тастыкташты.
Sputnik

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатрынын маңдайындагы тез татымда жарылуу болду. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Тагыраагы, бул - Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги жай.

Маалыматка караганда,  катуу үн 13.40тар чамасында угулуп, андагы кишилер качып чыгышкан.

Аталган жерге чакыруу болгонун Тез жардам кызматынан тастыкташты.

ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, Өрт өчүрүү кызматына 13.42де чакыруу түшкөн. Жерине өрт өчүрүүчү эки унаа кеткен.