БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Эске салсак, бир нече мүнөт мурда Бишкектин чок ортосунда, тагыраагы, Эркиндик бульвары жана Чүй проспектисинин кесилишиндеги "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанындагы тез татымда жарылуу болуп, андагы кишилер качып чыгышкан.
Күбөлөрдүн айтымында, жеринде бир нече ирет катуу жарылуунун үнү угулду.
ӨКМдин алгачкы маалыматына караганда, жерине алгач эки өрт өчүрүүчү унаа жиберилген. Бирок учурда ал жерде үч өрт өчүрүүчү бригада иштеп жатат.