БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Саламаттыкты сактоо министрлигине бүгүн Бишкек шаарында кафеде чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги жарылуунун себептерин тыкыр иликтеп чыгуу тапшырмасын берди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, тез татымдагы жарылуудан 12 адам жабыркаган, алардын ичинде 3 бала бар, жабыркагандардын бири (тез татымдын кызматкери) жеринде каза болду.
Үч бала тез жардам кызматы аркылуу Балдардын шаардык ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин кароосунан кийин амбулатордук дарыланууга коё берилди.
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна тогуз адам жеткирилди. Алардын абалы боюнча кошумча маалымат берилет.