Жээнбеков "Ата-Бейитке" барып куран түшүрдү

Өлкө башчы 1916-жылдагы каргашалуу окуяда каза болгондордун элесине жана саясий репрессиянын курмандыктарына арналган мемориалга гүл чамбар койду.
Sputnik

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-8-ноябрь күндөрү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип келет.

Алгачкы кыргыз профессору. Касым Тыныстанов тууралуу 8 факты
"Ата-Бейитке" президент менен ЖК төрагасы Дастан Жумабеков менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да барган. Алар 1916-жылдагы каргашалуу окуяда каза болгондордун элесине жана саясий репрессиянын курмандыктарына арналган мемориалга, ошондой эле жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл чамбар коюшту.

Мындан тышкары, 2010-жылкы Апрель революциясында курман болгондордун мемориалына келип, куран окушкан.