Милиция Бишкекте жоголгон 28 жаштагы кызды издеп жатат. Сүрөт

Бишкектин тургуну ноябрдын башынан бери туугандарына жана тааныштарына байланышка чыга элек. Милиция кыздын жүргөн жерин билгендер болсо кабарлап коюуну өтүндү.
Sputnik

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Милиция 28 жаштагы бишкектик Нургиза Жузуеваны издеп жатат. Бул тууралуу ИИМдин нөөмөт башкармалыгынан билдиришти.

Милиция Бишкекте жоголгон 28 жаштагы кызды издеп жатат. Сүрөт

Кыз ноябрдын башынан бери байланышка чыга элек. Арызды ички иштер органдарына анын тууганы жазган.

Милиция кыздын өзгөчө белгилерин атады: жашы 28де, бою 165 сантиметр, өтө арык же толук эмес, чачы узун жана кара, көзү күрөң.

Эгер сиз бул кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат билсеңиз же жүргөн жеринен кабарыңыз болсо, милиция төмөнкү номерлерге байланышып коюуну суранат: 0(312)- 351-270, 0(701)351-270, 0(702)102-702.