Жөө жүргөндөргө кооптуулук жараткан унаалар аталды

Институттагылар иликтөөнү жүрүп бараткан унааны дароо токтотуу, жолдо адам баратканын билүү жөндөмү жана автоматтык түрдө тормозунун иштеши сыяктуу критерийлерге таянуу менен жасашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. АКШнын Жол коопсуздугу боюнча камсыздандыруу институту (IIHS) автоунаанын 16 түрүн иликтеп, жөө жүргөндөр үчүн Ford Fusion, Hyundai Sonata жана KIA Optima машиналары кооптуу экенин аныкташкан. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында айтылат.

Институттагылар иликтөөнү жүрүп бараткан унааны дароо токтотуу, жолдо адам баратканын билүү жөндөмү жана автоматтык түрдө тормозунун иштеши сыяктуу критерийлерге таянуу менен жасашкан.

Ал эми адамдар үчүн коопсуз делип Audi A4, 3-сериядагы BMW, Mercedes-Benz C, Nissan Maxima, Subaru Outback жана Volvo S60 үлгүсүндөгү унаалар табылды.