Радио

Шерипова: кышында Бишкек — Ош жолунда кыйынчылыктар болуп турат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Элмира Шерипова унааларды кышкыга даярдап алуу кырсыктардын алдын аларын айтты.
Sputnik
Шерипова: кышында Бишкек — Ош жолунда кыйынчылыктар болуп турат

Кышында өзгөчө Бишкек — Ош унаа жолунда тыгын болуп, бир топ кыйынчылыктар жаралат. Бул тууралуу Элмира Шерипова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айдоочулар ӨКМ айткан эрежелерди бузбай, узак жолдорго кышкы экипировка менен чыкса, тыгындар жана кырсыктар азыраак болот.

"Аба ырайынын өзгөрүшү тууралуу алдын ала телефонограммаларды, маалыматтарды бардык жарандык коргонуу кызматтарына, жергиликтүү бийлик органдарына, мэрияларга жиберебиз. Алар күч каражатын даярдыкка келтирип жетишиши керек. Алсак, Төө-Ашуудагы кызматкерлер маалымат алары менен жолдорго инерттүү материалдарды себишет. Ал эми көп сааттык тыгындар болуп, мүчүлүштүктөр болгон учурда ӨКМ жергиликтүү бийлик органдары менен бирге иш алып барат. Посттордо атайын жылытуучу пункттарды ачабыз. Айрым учурда 4-5 чакырымдан ашык тыгын катталганда жол толук жабылып, жолчулардын техникасы кире албай кыйынчылык жаралат. Мындай көрүнүштү болтурбоо үчүн өз учурунда чара көрүүгө аракет жасайбыз", — деди Шерипова.

Ал кыштын келиши менен өрт чыгуу коркунучу да күч аларын кошумчалады.