Тажик-өзбек чек арасында согушкерлердин колунан чек арачы менен милиционер көз жумду

Бет кап кийген жыйырмага жакын согушкер тажик-өзбек чек арасына чабуул койгон. Ал аймак Тажикстандын борбор шаары Душанбеден 60 чакырым аралыкта жайгашкан.
Sputnik

ДУШАНБЕ, 6-ноя. – Sputnik. Куралданган согушкерлер 5-ноябрдан 6сына караган түнү тажик-өзбек чек арасындагы чек ара бекетине кол салган. Бул туурасында Sputnik Тажикстан өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара башкармалыгына таянып жазды.

Тажик-өзбек чек арасында согушкерлердин колунан чек арачы менен милиционер көз жумду

Анда бет кап кийген жыйырмага жакын согушкер тажик-өзбек чек арасындагы "Султанабад" отрядынын №4 "Ишкобод" чек ара бекетине чабуул койгону айтылган. Ал аймак Тажикстандын борбор шаары Душанбеден 60 чакырым алыстыкта. Белгисиз адамдар ал жерден беш автоматты алып чыгып кетишкен.

"Күч түзүмдөрүнүн операциясынын жыйынтыгында куралданган кылмыштуу топтун 15 мүчөсү курчоого алынып, ошол жерден жок кылынган. Ал эми бешөө колго түшүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Согушкерлер менен атышууда бир чек арачы менен милиционер курман болгон.

Окуя болгон жерде ыкчам тергөө тобу иликтөө иштерин баштаган.