Жан көзгө көрүнөт! Рельске кулаган кишини көз ирмемде алып чыккан видео

АКШнын Калифорния штатынын Окленд шаарындагы метронун кызматкери рельске кулап кеткен адамды аман алып калды.
Sputnik

RT телеканалынын билдиришинче, окуя 3-ноябрда "Колизей" метросунда болгон.

Кытайда поезддин алдына кулаган кызды сууруп алганга жетишип калышты. Видео
Видеобайкоого тартылып калган кадрдан платформанын чекеси менен басып бара жаткан киши кокусунан рельске кулап кеткенин көрүүгө болот. Ошол маалда ары жактан поезддин келе жатканы көрүнөт. Ал кайра туруп жандалбастап жатканда метронун кызматкери келип тартып чыгарып калган. Бул убакта поезд адамга бир метрдей эле жакындап калган болчу.

Кийинчерээк куткарган киши метронун транспорт бөлүмүнүн жетекчиси Жон О' Коннор экени белгилүү болду. Ал күнү футболдук беттештен кийин станцияга чогулган элди көзөмөлдөп жүргөн.

"Кудай мени себепчи кылып ошол жерге тургузуп койду деп ойлойм. Мындай кырдаалга ар бирибиз кабылышыбыз мүмкүн. Эртең эмне болуп кетерин эч ким билбейт", — деп айткан ал журналисттерге берген маегинде.

Рельске кулаган кишинин да футболдук беттештен мас абалында кайтып келе жатканы айтылат.