БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Новосибирск шаарынын Хилокский базарындагы массалык мушташка катыштыгы бар деп Кыргызстанда туулган Ш.У. аттуу жаран кармалды. Бул туурасында КРдин Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ал мекендештеринен акча опузалоого жана бейбаштык боюнча шектелип жатат.
"ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү Новосибирск облусунун укук коргоо органдары менен биргеликте ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзгөн. Натыйжада А.А. — "Тамерлан" аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган (учурда Россиянын жараны) 36 жаштагы жарандын кылмышка тиешеси бар экени аныкталды. Шектүү Иркутск облусунда жашырынып жүргөн. Аны күч түзүмдөрү темир жол бекетинен кармашкан", — деп айтылат маалыматта.
Ш.У. буга чейин Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.
Хилокский базарындагы мушташка шектелип буга чейин Новосибирсктин 31 жаштагы тургуну менен анын 29 жаштагы шериги кармалган. Учурда кылмышка тиешеси бар башка дагы адамдарды аныктоо жана кармоо аракети жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, 7-октябрь күнү түштөн кийин мөмө-жемиш саткан Хилокский базарында мушташ чыгып, ок атылган. Новосибирсктеги кыргыз диаспорасынын жетекчиси Жаркынбай Тойтуков Sputnik Кыргызстан агенттигине мушташ базарда иштегендер менен аларды карактоого келген адамдардын ортосунда болгонун айткан.