Кыргызстандык ишкер кайнатасынын жаркын элесине арнап ИИМге белек берди

Исагалиев белекти 40 жыл бою тергөөчү болуп иштеп, кийин оорудан улам көз жумган кайнатасы Сапардин Аскаровдун жаркын элесине арнап берген.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Мирлан Исагалиев аттуу ишкер ИИМдин медициналык башкармалыгына реанимобиль белек кылды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүн унаанын ачкычын тапшыруу салтанаты болду. Маалыматка караганда, Исагалиев белекти 40 жыл бою тергөөчү болуп иштеп, кийин оорудан улам көз жумган кайнатасы Сапардин Аскаровдун жаркын элесине арнап берген. 

Кыргызстандык ишкер кайнатасынын жаркын элесине арнап ИИМге белек берди
"Бейтапканадагы жабдыктар менен техниканын жетишсиздигин көрүп Мирлан Исагалиев дарыгерлерге колунан келген жардамын берүүнү чечиптир. Ал укук коргоо органдары менен саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери ар дайым биринчи жардамга келишерин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

ИИМдин медициналык башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Метеров жамааттын атынан ишкерге ыраазычылык билдирип, дарыгерлер ар дайым адам өмүрүн куткарып калууда бардык күчүн жумшай турганын билдирген.