Казакстандык альбинос эже-сиңдинин атагы таш жарууда. Видео

Бир үй-бүлөдө эки же андан ашык өзгөчө баланын төрөлүшү өтө сейрек кездешкен көрүнүш. Негизинен 20 миң ымыркайга болгону бир альбинос бала туура келет.
Sputnik

Камила менен Асел Калагановалардын ортосундагы жаш айырмачылык 13 жыл. Эже-сиңди — альбинос.

Бир туугандар жаштайынан эле элдин көзүндө. Кыздардын ата-энеси өзгөчө балалуу болгуча альбинизм тууралуу эч нерсе билчү эмес экенин айтышкан. Убакыттын өтүшү менен кыздардын улуусу Асел өзгөчө келбетин колдонууну үйрөнгөн.

Эми эже-сиңдинин атагы социалдык тармакта таш жарууда. Сүрөткө тартылууга чакыруунун саны күндөн-күнгө көбөйүп жатканы айтылат.