Индияда кыргызстандык куткаруучулар катышкан машыгуу өттү

Кыргызстандык куткаруучулар эл аралык жардамга муктаж болгон катуу зилзалада улуттук жана эл аралык чараларды көрүп, ага реакция жасоону өркүндөтүүнү тажрыйба жүзүндө көрсөтүштү.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Индияда өткөн машыгууларга катышкандыгын аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилеринин X кеңешмесинин алкагында өткөн.

"Биздин делегация зилзала болду деп шарттуу түрдө белгиленген шаардан элди издөө жана куткаруу боюнча окууга катышты. Анын алкагында кырсык болгон жерге келүү жана кыла турган иштерди аныктоо учурлары көрсөтүлдү. Андан сырткары, ШКУ мамлекеттеринин жардамын кантип колдонуу керектиги да машыгуу учурунда эске салынды", — деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар эл аралык жардамга муктаж болгон катуу зилзалада улуттук жана эл аралык чараларды көрүп, ага реакция жасоону өркүндөтүүнү тажрыйба жүзүндө аткарышты.

Машыгуунун соңунда өзгөчө кырдаалдар министрлеринин кеңешмеси болмокчу.