Эркекти бүк түшүргөн простата рагы. Оорунун жаңы себептери аныкталды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жыл сайын дүйнөдө простата рагына кабылган 400 миң адам катталат. Мурда ага 55-60 жаштан өтүп калган эркектер кабылса, жыл өткөн сайын бул оору жашарып келе жатканы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Лондондогу залалдуу шишикти иликтөө институтунун адистери эркекти простата рагына кабылта турган жаңы жагдайларды иликтеп чыкты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Мурда окумуштуулар эркекти бүк түшүргөн простата рагына тукум куучулук, жаш курак, терс адаттар жана туура эмес тамактануу алып келет деп эсептешчү. Эми бул тизмени оголе көп тестостерон менен бойдун өсүшүнө жооп берген гормон кошулду.

"Азырынча бул гормондор кандай жол менен эркекте онкологиялык ооруларды пайда кылары иликтенип бүтө элек. Бирок 2 миңге чукул эркекти текшерип көргөн соң алардын ичинен тестостерон менен бойдун өсүшүнө жооп берген гормону нормадан ашыгыраак кезиккендери простата рагына кабылганы же кабылуу коркунучунда турганы белгилүү болгон", — деп жазылат макалада.

Фастфуд эркекти төшөктө алсыратат. Жаңы иликтөө
Простата рагы — эркектер арасында эң көп кездешкен залалдуу шишик. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жыл сайын дүйнөдө 400 миң учур катталат. Мурда ага 55-60 жаштан өтүп калган эркектер кабылса, жыл өткөн сайын бул оору жашарып келе жатканы айтылат.

Эркекке аба менен суудай керек тестостерон гормону, анын аздыгы жана көптүгү адамга кандай таасир этерин Sputnik агенттигинин макаласынан окуңуздар.