8 жашар кыргызстандык кыз таланттар сынагында калыстарды таң калтырды. Видео

Саша Лим аттуу сегиз жаштагы кыргызстандык кыз Казакстанда өтүп жаткан Central Asia Got Talent сынагынын биринчи туруна катышты.
Sputnik

Ал заманбап музыканын коштоосунда бийлеген. Жаш өнөрпоздун видеосу таланттар сынагынын YouТube каналына жарыяланды.

Кыргызстандык алты жашар кыз калыстарды жашытты. Видео
Видеонун астында кыз кичинекей болсо да өлкөсүндө таанымал экендиги жазылган. Ага белгилүүлүктү бийлери эмес, социалдык тармактарда ашпозчулук боюнча жазган блогдору алып келгени айтылат.

Жыйынтыгында калыстардын бардыгы "ооба" деп, аны кийинки турда күтөрүн билдиришкен.

Central Asia Got Talent сынагына Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандан барган өнөр адамдары катышууда. Бул сынактын биринчи сезону.