Абакта ток уруп мертинди делген жоокердин өлүмү боюнча жаңы версиялар айтылууда

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ишти иликтөө менен Бишкек гарнизондук соту алектенип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Кайтаруу жана күзөт департаментинин аскери жүрөк оорусунан көз жумган. Бул тууралуу алдын ала маалыматтарга таянып ЖАМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, буга чейин Чүйдөгү №3 түзөтүү колониясында жоокер токко урунуп каза болгондугу жөнүндө маалымат тараган.

"Адистер сөөктү карап чыгышты. Алдын ала маалыматтарга караганда, жоокердин өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болушу мүмкүн. Бирок так себептерин экспертизанын жыйынтыгы менен гана айтууга болот", — деп жазылган билдирүүдө.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ишти иликтөө менен Бишкек гарнизондук соту алектенип жатат.

Каза болгон аскер Жалал-Абад облусунун тургуну эле. Аны ыкчам кызмат өтөөгө 2018-жылы чакырышкан. Жоокер инженердик-техникалык жабдууларга жоопкер болчу.