Теракт жасоого камынышкан! Тажикстандын чек арасындагы окуянын чоо-жайы

Тажик-өзбек чек арасына Афганистандан келген согушкерлер Тажикстандын чек ара бекетине кол салышкан. Алардын көбү жеринде жок кылынды.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитети "Ишкобод" бекетине кол салган согушкерлер республика аймагында теракт жасоону пландашканын маалымдады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Сириядан келип теракт жасамак болгон делип 24 жаштагы жаран кармалды
Ведомствонун маалыматына караганда, колго түшкөндөрдү суракка алганда алар Тажикстанга конкреттүү тапшырма менен келишкенин, тагыраагы, өлкөдө башаламандык жаратуу үчүн теракт жасоого камынышканын айтып беришкен.

Белгилей кетсек, 6-ноябрга караган түнү 20га чукул куралчан согушкер тажик-өзбек чек арасындагы "Ишкобод" бекетине кол салып, беш автоматты алып кетишкен.

Күч структураларынын операциясы маалында 15 согушкер жок кылынып, дагы бешөө колго түшүрүлгөн.

Атышуудан бир чек арачы менен бир милиционер каза тапты. Кийинчерээк согушкерлер "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү экени аныкталды