Жалал-Абадга кире бериштеги арка 8 миллион сомго оңдолду. Сүрөт

Реконструкция иштерине облустук өнүктүрүү фондусунан 14 миллион сом бөлүнгөн. Бирок тендер жолу менен 8 миллион сомго оңдоп бере турган компания табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад шаарына кире бериштеги арканы 7 миллион 894 миң сомго реконструкциялашты. Бул тууралуу өкмөтүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

"Курманбек — кылымдар мурасы" аркасы баатырдын 500 жылдыгына карата 2001-жылы орнотулган. Ал Сузак районунун акимчилигинин балансында турат.

Бишкектеги митингдер өтүүчү парк жаңыланып, оңдолот
Арканы реконструкциялоо үчүн облустук өнүктүрүү фондусунан 14 миллион сом бөлүнгөн. Бирок тендер жолу менен 8 миллион сомго оңдоп бере турган компания табылган.

Курулуш иштери төрт айга уланып, арканын тегерегине чырактар менен отургучтар коюлду. Эми шаардын кире беришиндеги бир гектар жерди эс алуучу этноаймак катары жасалгалоо пландалууда. Анын курулушуна каражат изделип жатат.