Жазгы каникулда иштеп алсаңыз болот. КРде 24 миң кызматкер жумушка алынат

Каттоочулар кагаз анкетасын колдонушпайт. Анткени алар үчүн атайын программа иштелип чыккан. Аны уюлдук аппаратка орнотуп алса болот.
Sputnik

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Улуттук статистика комитети калкты каттоо учурунда 24 миңден ашык адамды жумушка алууну пландап жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин алдындагы Статистикалык каттоо жана демографиялык статистика башкармалыгынын жетекчиси Римма Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин калкты каттоо иштери жүрөт.

"Айлык акынын көлөмү белгилүү болду — салыктарды эске алганда 7500 сом болот. Ошондо колго 6400 сом тиет. Иш мөөнөтү — 22 күн. Каттоо жазгы каникулга туш келет. Ошондуктан ага мугалимдер менен студенттер дагы катыша алат", — деди ал.

Чыныбаева каттоочулар кагаз анкетасын колдонушпай турганын, алар үчүн атайын программа иштелип чыкканын кошумчалады. Программаны уюлдук аппаратка орнотуп алса болот. Так ушул себептен жумушка уюлдук аппараты Android 5 платформасында иштегендер алынат.