Таксисттин колу-бутун байлап камышка ыргытып жиберген. Шектүүлөр кармалды

Кылмышкерлер айдоочунун 7 миң сомун тартып алышкан. Анын көзүн, оозун скотч менен таңып, колу-бутун байлап туруп камыштардын арасына ыргытып салышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Чүй менен Аламүдүн районунун криминалдык милициясы 27 жаштагы таксисттин өмүрүнө кол салган кылмышкерлерди кармады. 

Чүй ОИИБден билдиришкендей, окуя үстүбүздөгү жылдын 28-октябрында Калыс-Ордо конушунда болгон.

"Кылмышкерлер таксиге отуруп, шаар четиндеги айылга жеткирип коюуну суранышкан. Калыс-Ордо конушуна жеткенде алар таксистке бычак такап, жанындагы 7 миң сому менен Redmi үлгүсүндөгү уюлдук аппаратын тартып алышкан. Андан соң айдоочунун көзүн, оозун скотч менен таңып, колу-бутун байлап туруп камыштардын арасына ыргытып жиберишкен", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") боюнча каттоого алынган. Сотко чейинки териштирүү иштери башталып, "Перехват" планы жарыяланган.

Ыкчам тергөө иштеринин алкагында эки шектүү кармалды. Алар мурда соттолгон 23 жаштагы М.Т. менен 22 жаштагы С.Н. экени аныкталды. Колго түшкөндөр учурда тергөө абагында.