Microsoft Японияда төрт күндүк иш жумага өтүп, натыйжалуулугун айтты

Август айында кызматкерлерге жума күнү иштебей койсо болору айтылган. Эксперименттин жыйынтыгында сурамжылоого катышкандардын 92 пайызы жаңы график жакканын айтышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Японияда Microsoft компаниясынын кызматкерлеринин иштөө жөндөмү төрт күндүк иш күнүнө өткөндөн кийин кыйла жогорулаган. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды.

Дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарын 24 жаштагы ишкер толуктады
Август айында кызматкерлерге жума күнү иштебей койсо болору айтылган. Эксперименттин жыйынтыгында сурамжылоого катышкандардын 92 пайызы жаңы график жакканын айтышкан. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда кызматкерлердин иштөө жөндөмдүүлүгү 40 пайызга көбөйгөн.

Компаниянын кызматкерлеринин жарымы жеке жолугушууларга караганда онлайн-чаттарды көп колдоно баштаган. Андан сырткары, мекеме электр энергиясы менен кагазды үнөмдөгөн.

Жакында окумуштуулардын тобу эртеден кечке кеңседен чыкпай иштегендер 20 жылдан кийин кандай болуп каларын изилдеп, кишинин макетин жасашкан болчу.