Индиядагы ири фестивалда КРдин бий ансамбли сыйлыкка татыды

Иш-чара Гвалиор шаарында өткөн. Кыргызстандык бийчи кыздар чет өлкөлүк катышуучулардын арасынан биринчи орунду алышты.
Sputnik

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык "Ак-Бермет" бий ансамбли Индияда өткөн эл аралык Udbhav Utsav фестивалында атайын сыйлыкка ээ болушту.

Иш-чара Гвалиордо өткөн. Кыргызстандын Индиядагы элчилигинен көрүүчүлөр кыргыз бийчилеринин талантына суктануу менен күбө болушканын билдиришти.

"Ансамбль фестивалдын уюштуруучуларынын атайын сыйлыгына ээ болду. Бул иш-чарага бийчилердин катышуусу Индия элинин кыргыз искусствосуна болгон кызыгуусун жаратып, мындан ары дагы маданий кызматташтыкты өркүндөтүүгө жол ачты", — деп айтылат маалыматта.

Фестивалга Россия, Азербайджан, Израиль, Испания, Италия, Иран, Шри-Ланка, Сербия жана башка өлкөлөрдөн келген бий топтору катышкан. Кыргызстан чет өлкөлүк катышуучулардын арасынан биринчи орунду алды.