Эки футболчу жаракат алып, Япония менен Тажикстанга каршы ойной албай калды

Кыргызстандын командасы ноябрь айында Япония жана Тажикстандын оюнчулары менен беттешет. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасынын эки футболчусу, Турсунали Рустамов менен Айзар Акматов 2022-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун алкагында өтө турган оюндун алдында жаракат алышты. Бул тууралуу Футбол федерациясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эки футболчу жаракат алып, Япония менен Тажикстанга каршы ойной албай калды

Рустамов Тажикстандын кубогунун жарым финалында жаракат алган, ал "Худжант" футбол клубу үчүн ойноп келет.

Эки футболчу жаракат алып, Япония менен Тажикстанга каршы ойной албай калды

Ал эми "Дордойдун" оюнчусу Айзар Акматов дагы жаракат алгандыктан Япония (14-ноябрь) менен Тажикстанга (19-ноябрь) каршы беттешке катыша албай калды.

Эки оюн тең борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.