Кыргызстандын алтын валюталык резерви көбөйдү

Быйыл сентябрь айынын жыйынтыгы менен алтын валюта резерви 2 миллиард 285,7 миллион долларга жеткен болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Октябрь айынын аягына карата Кыргызстандын алтын валюта резервинин көлөмү 2 миллиард 294,9 миллион долларды түздү. Бул тарыхтагы экинчи жогорку көрсөткүч экени Улуттук банктын сайтында маалымдалат.

Кыргызстандан сыртка чыккан акчанын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жакындады
Белгилей кетсек, сентябрдын жыйынтыгы менен алтын валюта резерви 2 миллиард 285,7 миллион долларга жеткен болчу.

Ошентип бир айда резерв 9,2 миллион долларга өскөн. Аталган көрсөткүч — Улуттук банктын 2002-жылдан берки ачык маалыматтарына караганда, тарыхтагы экинчи эң жогорку көрсөткүч. Быйыл август айынын жыйынтыгы менен биринчи рекорд болуп, алтын валюта резерви 2,3 миллиард долларды түзгөн.

Алтын валюталык резерв Улуттук банкка сомдун кунун кармап турууга жардам берет. Резерв ондон ашык валютадан, CDR (карыз алуу боюнча атайын укук — жасалма резерв жана Дүйнөлүк банктын төлөө каражаты) жана алтындан турат.