Үрөй учат! Нью-Делинин жашоочулары кара түтүнгө тумчугуп жатышат. Видео

Индиянын борбору Нью-Делидеги абанын булганышы кооптуу чекке жетип, бийлик өзгөчө кырдаал жарыялады.
Sputnik

Жогорку соттун атайын комиссиясы шаарга жана бир катар штаттарга чектөө киргизди. Бардык курулуш иштери токтотулуп, салют атууга тыюу салынды.

Кооптуу абалдан улам шаардык мектептер келерки шейшембиге чейин жабылды. Окуучулар менен алардын ата-энелерине 5 миллиондон ашык респиратор таратылды.

Кара түтүндүн айынан бир катар авиакомпаниялар рейстерин башка аэропортторго жиберип жатышат. Шаардык өкмөттүн башчысы Арвинд Кеджривал борбор калаа "газ толгон камерага" айланганын билдирди.

Маалыматка караганда, кара түтүндүн пайда болушуна түшүм чогултулгандан кийин калдыктардын өрттөлүшү жана улуттук Дивали майрамы (фейерверк атылат) себеп болгон.

Индиянын түндүк аймактарында ноябрь жана декабрь айларында жыл сайын 23 миллион тоннадай айыл чарба продукцияларынын калдыктары өрттөлөт.