Бишкекте Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата митинг-реквием өттү

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгы өлкөнүн булуң-бурчунда белгиленип, ага карата бир топ иш-чаралар уюштурулууда.
Sputnik

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бишкекте мамлекеттик ишмерлердин аллеясында белгилүү коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата митинг-реквием өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Компартиянын Борбордук комитетинин биринчи катчысын эскерүү иш-чарасына шаар тургундары, Биринчи Май районунун башчысы, шаардык жана райондук кеңештин ардагерлери катышты. 

Бишкекте Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата митинг-реквием өттү
"Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү. Анда Усубалиевдин жакындары, белгилүү саясий жана коомдук ишмерлер сөз сүйлөштү. Коноктор үчүн концертик программа уюштурулду", — деп айтылат маалыматта.

Усубалиев 1961-жылдан 1986-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи секретары болуп иштеген. Тагыраагы, Кыргызстанды 25 жыл жетектеп турган. Ал 2015-жылы 7-сентябрда 96 жашында узак оорудан кийин дүйнө салган.