Шаршенбеков жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынан күмүш алды

Дүйнөлүк чемпионаттын финалында кыргызстандык балбан Шаршенбеков армениялык Армен Меликян менен беттешти.
Sputnik

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалында 11:7 эсеби менен жеңилип калды.

Дүйнөлүк биринчилик Будапештте (Венгрия) өтүп жатат. Күмүш медаль алган Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак категориясында кармашкан. Ал финалда алтын үчүн армениялык Армен Меликян менен беттешти.

Жарым финалда Шаршенбеков украиналык Жора Абовянды 8:0 эсеби менен жеңип алган.