Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо үчүн 100 млн. доллар бөлүнөт

"Азия өнүктүрүү банкы" Кыргызстанга 60 миллион долларды насыя иретинде, калган бөлүгүн грант түрүндө берет.
Sputnik

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. "Азия өнүктүрүү банкы" менен кыргыз өкмөтү Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо үчүн 100 миллион долларлык келишимге кол койду.

Аталган ГЭС Нарын каскадына курулган алты ГЭСтин эң эскиси болуп саналат.

Кыргызстан Кытайга электр энергиясын сатууну планга койду
Эскилиги жеткен жабдуулар алмаштырылып, электр энергиясын иштеп чыгуу кубаты 180 мегаваттан 216 мегаваттка чейин жогорулайт.

Келишимге каржы министри Бактыгүл Жээнбаева менен банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Кэндис МакДэйган кол койду.

Бериле турчу каражаттын 60 миллион доллары насыя, 40 миллиону грант түрүндө болот.

Андан тышкары, "Азия өнүктүрүү банкы" 45 миллион доллар насыянын сарпталышын көзөмөлдөйт.

Эске салсак, Үч-Коргон ГЭСи 1962-жылы ишке берилген. Ал Нарын дарыясынын төмөнкү агымында жайгашкан.