Кыргызстанда электр кубатын колдонууга лимит коюлат. Таблица

Жети облустагы өкмөттүн өкүлдөрү электр кубатына киргизилген лимиттин сакталышын катуу көзөмөлгө ала турган болду.
Sputnik

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү Бишкек, Ош калааларында жана жети облуста электр кубатын пайдаланууга лимит коймокчу. Бул туурасындагы токтом өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Документ "КРдеги калкты жана экономика тармагынын 2019/2020-жылдагы кышкы-күзгү учурга даярдоо" деп аталат. Анда министрлик менен ведомстволорго жабдууларды, социалдык объектилерди кышка даярдап, көмүр менен камсыз кылууга буйрук берилген. 

Кыргызстанда электр кубатын колдонууга лимит коюлат. Таблица
"Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын башчыларына (макулдашуу менен) электр кубатын пайдаланууга коюлган лимиттин сакталышын көзөмөлгө алууга тапшырма берилет", — деп айтылат маалыматта.

"Улуттук энергетика холдинги компаниясына" электр кубатын бөлүштүрүүчү компаниялар менен биргеликте электр тармактарындагы жоготууларды болтурбоого чараларды көрүү айтылды.