Радио

Мамашов: алдыдагы беш жылда эстакадалык жолдор курулат

Капиталдык курулуш башкармалыгынын шаардык жолдор бөлүмүнүн башчысы Темирбек Мамашов жол салуу боюнча өлкө 30 жыл артта калып жатканын айтты.
Sputnik
Мамашов: алдыдагы беш жылда эстакадалык жолдор курулат

Жаңы жолдорду салуу, кеңейтүү 1983-жылы эле планга киргизилип, долбоор башталганы менен каражаттын жетишсиздигинен иштер бүткөрүлгөн эмес. Бул тууралуу Темирбек Мамашов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы жолдорду реконструкциялоого — 478 миллион, курууга 160, 5 миллион юань которулган. Ал эми азыркы бөлүнгөн 278, 9 миллион юанга 60 көчө оңдолот.

"Шаарыбыздын жолдору 50 миң унаага ылайыкташканы менен учурда автокөлүктүн саны 500 миңден ашып кетти. 2016-жылдан бери эки чоң иш бүткөрүлүп жатат. Бул Кытайдан келген каражатка 48 көчө реконструкциядан өттү. Андан тышкары, 23 көчө жаңыланып, андан ашып калган каражатка Москва көчөсүн жасадык. Мындан башка экинчи жана үчүнчү фаза Кытай грантынын эсебинен аткарылат. Алдыдагы беш жылдык план боюнча биринчи кезекте эстакадалык жолдор курулат. Андан тышкары, ар бир кварталга унаа токтотуучу жай салуу каралган", — деди Мамашов.

Ал акча төлөнүүчү трассалар салынып ишке берилсе, жол салууга кошумча каражат алуунун булагы болорун белгиледи.