Артка ийилип көтөрүп чапты. Акматалиевдин чабуулу чемпионатта мыкты ыкма болду

Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын уюштуруучулары кыргызстандык Эрназар Акматалиевдин атаандашын көтөрүп чапканын мыкты ыкмалардын катарына кошту.
Sputnik

Акматалиев мелдешке 30-октябрь күнү эле чыккан. Бирок уюштуруучулар ал катышкан таймаштарды интернетке бүгүн гана жүктөдү.

Алтын медаль! Кыргызстандык спортчу күрөш боюнча чемпионатта жеңди. Видео
Спортчу 65 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, жарым финалга чейин жетти. Уюштуруучулар анын 1/8 финалдагы аракетин баалашты. Мелдештин аягында ал АКШлык атаандашы Селсор Эйрманды өз боюнан ашыра көтөрүп чаап, жеңишке жетти.

23 жаштан жогоркулар арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Венгриянын борбору Будапешт шаарында өтүп жатат.

Эске сала кетсек, ушул эле чемпионатта эркин күрөштүн балбаны Улукбек Жолдошбеков чемпион болгон. Мындан тышкары, Жоламан Шаршенбеков күмүш, Айпери Медет кызы коло медаль алган.