Каршылашын буттан чалып жиберген футболчу анын жаракатын көрүп ыйлап жиберди

Гомиш оюндун 78-мүнөтүндө талаанын чети менен чуркап жөнөгөн. Бирок Сон аны буттан чалып жибергенде Серж Орье менен кагышып, анысы Гомиштин бутун тебелеп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Англиянын "Тоттенхэм" клубунун футболчусу Сон Хын Мин "Эвертондун" оюнчусу Андре Гомишти буттан чалган. Бирок жанына келип жаракатын көргөндөн кийин чыдабай ыйлап жиберди. Бул тууралуу Eurosport жазды.

Англиянын премьер-лигасынын 70-мүнөтүндө "Эвертон" "Тоттенхемге" 1:0 эсебинде жеңилип жаткандыктан, чабуул жасоого аракет кылып жатышкан. Гомиш оюндун 78-мүнөтүндө талаанын чети менен чуркап жөнөгөн. Бирок Сон аны буттан чалып жибергенде Серж Орье менен кагышып, анысы Гомиштин бутун тебелеп кеткен.

"Эвертондун" оюнчусунун буту кайрылып калган. Аны дарыгерлер талаадан алып чыгып кетишкен.

​Сон футболчунун жанына келип жаракатын көргөндөн кийин эмне кылганын түшүнүп, чыдабай ыйлап жиберген.

Ал эми арбитр Мартин Аткинсон кореялык футболчуну оюндан чыгарып салган. Сондун клубдагы кесиптеши Деле Алли репортерлорго бул боюнча маек берген.

"Сон абдан кайгырып ыйлап жатат. Ал абдан жакшы адам. Азыр ал керек болсо башын дагы көтөрө албай жатат", — деди Алли.

Окуядан улам Аткинсон оюнга 12 мүнөт кошуп берген. Натыйжада "Эвертон" бир гол киргизүүгө жетишип эсепти 1:1 кылып теңеди.