Бишкекте жолтандабас койдуруп кеткен 3 жашар наристе чарчап калды

Наристе эсине келбеген бойдон ооруканада жан берген. Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.
Sputnik

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкектеги үйлөрдүн биринин короосунан жолтандабас үч жаштагы наристени коюп кетип, ал алган жаракатынан улам көз жумду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Окуя 3-ноябрь күнү Орозбеков атындагы көчөдө болгон.

"Балдар ойноп жаткан короого Toyota Sequoia үлгүсүндөгү автоунаа кирип барган. Качан машина артты көздөй жүргөндө, баланы тебелеп алган. Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу баланы көргөн эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Наристе эсине келбеген бойдон ооруканада жан берген. Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Кырсыктардын алдын алуу үчүн жол инспекторлору айдоочуларга кайрылып, балдар бар аймакта өзгөчө этият болууга чакырат. Ошондой эле ата-энелерди да балдарына сак болууга үндөдү.