Бишкектин бир катар көчөлөрүнө канализация киргизилип жатат

Учурда бир катар туюк көчөлөрдөгү иш аяктады. Долбоордун баасы — 11 миллион сом. Каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкектин бир катар көчөлөрүнө канализация киргизилгенин мэриядан билдиришти.

Учурда Боровский, Можайский, Багижский жана Карагай туюк көчөлөрүндөгү иш аяктады. Анда №18 мектеп менен №41 бала бакча бар.

Мындан сырткары, Тоголок Молдо, Манас, Васильев жана Саадаев көчөлөрү менен чектешкен аймакка канализация киргизилип жатат.

Долбоордун баасы — 11 миллион сом. Каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн.