Carcheck менен "Айыптарды текшерүү" функциясы иштебей жатат

Кыргызстандыктар унаалар менен айып пулдар тууралуу маалыматтарды атайын сайттан ала албай жатышат. Sputnik Мамкаттоодон жооп алды.
Sputnik

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик электрондук кызматтар порталындагы Carcheck менен "Айыптарды текшерүү" функциясы иштебей калды. Көйгөй тууралуу Telegram каналындагы "Бишкек сегодня" тайпасынын колдонуучулары жазып жатышат.

Маалыматты издөө учурунда "Операция жүрүп жатат, күтө туруңуз" деген жазуу чыгып, бирок жыйынтыгын көрсөтпөй коюуда.

Мамлекеттик каттоо кызматы функция жакшы иштебей жатканын ырастап, бул тууралуу маалымат "Инфоком" ишканасына жөнөтүлгөнүн билдиришти.