БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Индиялык Сандра Соман Miss Cosmo World — 2019 сынагынын жеңүүчү болуп табылганы конкурстун Instagram баракчасында айтылат.
Иш-чарага жалпы жонунан 24 мамлекеттен барган селкилер катышкан. Сынактын жеңүүчүсү таажы кийип, акчалай сыйлык менен бирге эле Италияга жолдомо алып, мода багытында иштеген малайзиялык компания менен келишим түзөт.
Miss Cosmo World 2015-жылдан бери жыл сайын Куала-Лумпурда өткөрүлүп келет. Сынактын максаты — эч кимге көз каранды болбогон, лидерлик сапаттары күчтүү ай жүздүү кыздарды тандоо.
Былтыр аталган конкурсту филиппиндик Женнифер Озбо жеңип алган.