ИИМдин айыптоолоруна ЖАМК жооп кайтарып, милиционерлерди сындады

Коомчулукту дүрбөлөңгө салган окуядан кийин ЖАМК менен ИИМ ортосунда талаш жаралды. Эки мамлекеттик орган жатак абагына которулган соттолуучулардын кайра кылмышка барып жаткандыгына кимдер күнөөлүү экендигин талашууда.
Sputnik

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Эгер участкалык милиционерлер соттолгондордун мыйзам бузганын өз убагында кабарлап турса, жатак абагынан жаза өтөө мекемелерине которулгандардын саны көбөймөк. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

УКМК: сот менен милиция кызматкери 20 миң сом пара алып кармалды
Буга чейин Ички иштер министрлиги тарабынан сөөгү "Манас" аэропортунан табылган кишинин өлүмүнө шектелип кармалгандар жатак-колониясында жазасын өтөп жаткандар экенин, абак жетекчилеринин шалаакылыгынан улам кылмышка жол берилгени маалымдалган.

Ал эми ЖАМК бир жылдан ашык убакыт аралыгында соттолгон 74 адам мыйзамды сактабагандыгы үчүн жатак абагынан жаза өтөө мекемесине которулгандыгын кабарлады.

"Эгер ыйгарым укуктуу участкалык милиционерлер кесилгендердин түрдүү былыктарын өз убагында кабарлап турса, жатак абагынан катуу жана жалпы жаза өтөө мекемелерине которулгандардын саны кескин көбөйөт", — деп ЖАМКдан билдиришти.

Кимдерди жатак абагына которсо болот же болбойт?

  • Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы камактагыларды которуу жобосун да түшүндүрүп берди. Мыйзамга ылайык, төмөндөгү жагдайларда кесилгендер жатак абагына катталат:
  • оор эмес, анча оор эмес кылмыштар үчүн жазасынын төрттөн бир бөлүгүнөн көбүрөөгүн өтөсө;
  • оор кылмыш жасап өз мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөөк убакыт камакта болсо;
  • өзгөчө оор кылмышка барса, шарттуу эркинен ажыратылып бирок кайра мыйзам жоопкерчилигине тартылып камакта өз мөөнөтүнүн үчтөн эки бөлүгүн өтөсө.

Кылмышкер жатак абагына кандай жагдайларда которулбайт:

  • өмүр бою эркинен ажыратылса;
  • соттолуучу террористтик, экстремисттик мүнөздөгү беренелер менен кесилсе;
  • кылмыштуу топ же уюмдун курамына кирип эркинен ажыратылса;
  • жашы жете электерге карата оор же өтө оор кылмыш жасаса.

Эркинен ажыратылгандар жаза аткаруу мекемесинин жетекчисине арыз менен кайрылат. Андан соң гана жатак абагына которуу маселесин атайын комиссия карайт.

Азыркы маалда ЖАМКтын атайын комиссиясына 1 413 материал боюнча кайрылуу түшүп, 907 адам жатак абагына которулду.