Канттагы авиабазанын аскерлери "коркунуч жараткан" учуучу аппаратты аныктады

Күзөткө чыккан мобилдик топ учак менен тик учак токтогон жайга жакындаган үч аппаратты тең аныктаган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишиминин "Кант" авиабазасындагы аскерлери машыгуу маалында "душмандын" учуучу аппаратын колго түшүрдү. Бул тууралуу аталган базанын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, радиоэлектрондорго каршы мобилдик топ учуучу аппаратты табуу, анын радио байланышын токтотуу жана аларды издеп табуу боюнча атайын машыгуу өткөрдү.

Шойгу: күрд кошуундары Сирияга мөөнөтүнөн мурда сүрүп чыгарылды
Үч дрон аэродромдун аймагына учурулган. "Силок" радиоэлектрондук комплекси өз эсептөөлөрүн жүргүзүп, дронду таап, анын кыймылына тоскоолдук жаратмак.

Натыйжада күзөткө чыккан мобилдик топ учак менен тик учак токтогон жайга жакындаган үч аппаратты тең аныктаган.

Жоокерлер "Силок" комплексинин жардамы менен коргоосу жок башкаруу жыштыгына ээлик кылып, дрондорду коопсуз жерге кондурушкан.

Машыгууга 200 жоокер, 20 аскердик техника тартылган.