"Дордой" клубу мөөнөтүнөн мурда Кыргызстандын чемпиону болду

Чемпионаттын аяктарына бир күн калды. Бишкек шаарынын клубу улуттук чемпионатта экинчи ирет жеңүүчү болуп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бишкектин "Дордой" клубу мөөнөтүнөн мурда футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болду. Бул тууралуу клубдун маалымат кызматы билдирди.

"Дордой" клубу 27-турда Канттын "Абдыш-Атасы" менен ойноп 5:0 эсебинде утуп алган.

Ошентип борбор калаанын клубу быйылкы чемпионатта 63 упай топтосо, Оштун "Алайы" 59 упай алган. "Дордой" командасы былтыр да өлкө чемпиону болгон.

Чемпионаттын аяктарына бир мелдеш калды.