1000 литр сууну өндүрүү үчүн электр энергиясына, түтүктөр менен насосторго, ошондой эле сууну хлорлоп тазалоого каражат кетет. Ошого жараша тариф эсептелип чыгат. Бул тууралуу Мурадин Сейталиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сууну өндүрүүгө керектүү жабдыктар Кыргызстанда чыкпагандыктан тендер аркылуу сырттан алынат. Бул суунун өздүк наркынын жогорулашына алып келет.
"Акыркы жолу 2015-жылы бир куб метр суунун баасы 5, 38 сом деп бекитилген болчу. Ошондо баа суунун өздүк наркынан төмөн белгиленген эле. Жыйынтыгында "Бишкек суу канал" чыгымга учураган. Мындан ары да ушундай боло берсе жабдыктар алмаштырылбай, оңдоо иштери үзгүлтүккө учурап, суунун сапаты да бузулмак. Буга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын май айында суунун тарифин жогорулатуу маселесин көтөрүп чыктык. Монополияны жөнгө салуу агенттиги менен макулдашуу иштерин жүргүзүп, алар 8,10 сом деген бааны коюшту. Бул шаардык кеңештин сайтында 24-октябрга чейин коомдук талкууга коюлуп, депутаттар бааны бекитип беришти", — деди Сейталиев.
Ал суунун наркы калк үчүн 8,10 сом, бюджеттик мекемелер үчүн 9,10 сом, ал эми өнөр жай, коммерциялык мекемелер үчүн 13 сом деп бекитилгенин кошумчалады.