Аралашчу болсо мага айткыла! Жээнбеков бийликтеги туугандары тууралуу

Мамлекет башчы буга чейин 11 бир тууган экенин, анын үчөө каза болуп калганын айткан. Учурда бир агасы — элчи, иниси — депутат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Эл кландык башкарууну, балдары, аялы бийлеген бийликти башынан өткөрдү, мен андайга жол бербейм. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков ЖМКнын жетекчилери менен жолукканда билдирди.

Мамлекет башчыга анын бийликтеги туугандары ишине кийгилишип же таасирин тийгизбейби деген суроо берилген.

"Мен кландык башкарууга, аялы, балдары аралашкан саясатка күбө болгом, андайга жол бербейм. Мен такыр башкача тарбия алгам. 12 жылдан бери намаз окуйм. Биз бир туугандар бири-бирибиздин ишибизге эч качан аралашпайбыз, бирок керек болгон учурда жардам беребиз. Менин туугандарым аркылуу кайсы бир ишин бүтүрүүгө аракет кылгандарга да чара колдоном. Эгер туугандарым кайсы бир ишке аралашып жаткан фактылар болсо да айткыла! Жаңылыктарды көрүп, гезиттерди окуп турам, кабардар болом", — деди Жээнбеков.

Жээнбеков: "Ата-Түрк" паркынан жер берилген, бирок үй курган эмесмин
Ошондой эле мамлекет башчы алыс-жакын "туугандары" табыла баштаганын да жашырган жок. Ал эми чечим кабыл аларда эч кимдин кийлигишүүсүз жеке өзү бүтүм чыгарарын баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков буга чейин 11 бир тууган экенин, анын 8и азыр бар экенин айткан. Агасы Жусупбек Шарипов — Кыргызстандын Украина, Молдова, Румыния жана Болгариядагы элчиси. Иниси Асылбек Жээнбеков — Жогорку Кеңештин депутаты.