Башар Асад: Трамп — АКШ президенттеринин эң мыктысы

Асад АКШ президенттеринин дээрлик баары кылмышкер экенин, бирок ага карабастан кээси Нобель сыйлыгына татыктуу болуп каларын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Сириянын президенти Башар Асад АКШнын лидери Дональд Трампты өлкөнүн тарыхындагы мыкты жетекчи деп атады. Бул тууралуу ал Сириянын мамлекеттик телеканалдарына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. 

Асаддын айтымында, Трамп өз максаттарын ачык айтат.

"Дональд Трамп жүргүзгөн саясаты үчүн эмес, ачык-айкын экенинен улам мыкты. Ал оюн "бизге нефть керек", "кызматыбыз үчүн акча алабыз", "тигинин бизге кереги жок" деп ачык, так билдирет. АКШнын саясаты ушундай. Ачык душмандан өткөн жакшы эмне бар?", — деген Асад.

Анын айтымында, АКШ президенттеринин баары жалпысынан кылмышкерлер. Буга карабастан кээде өз кызыкчылыгын көздөп турса деле Нобель сыйлыгына да татыктуу болуп калышат.